Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Балдар үйү АКШдагы кыргыз уюмунан жардам алды


3-март күнү АКШдагы кыргыздардан түзүлгөн “Кыргыз Салам” уюмунун өкүлдөрү Ысык-Ата районундагы “Келечек” балдар үйүнө жардам көрсөтүп, 100 миң сомго азык-түлүк жана ар кандай техника белек кылышты. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ушул күндө “Келечек” балдар үйүндө 50 бала бар.

“Кыргыз Салам” уюму мындан ары дагы кайрымдуулук иштерин улантып, башка балдар үйлөрүнө жардам көрсөтөөрүн билдирди. (EzK)

XS
SM
MD
LG