Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Жалал-Абад Ак калпак күнүн өзгөчө шаң менен белгилөөдө


Жалал-Абад, 04.03.2014
Жалал-Абад, 04.03.2014
Жалал-Абад шаарында бүгүн Ак калпак күнү өзгөчө шаң менен белгиленүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, шаар бийлиги уюштурган иш-чарада улуттук кийим, буюмдар даңаза болду. Алардын көргөзмөсү ачылды. Облустук Барпы атындагы театрдын аянты көрүүчүлөргө тардык кылды.

Шөкүлө, үкү топу, элечек кийген кыз-келиндер, калпак, чепкен кийген эркектер майрамдын көркүн ачты. Кары-жаш дебей кыргыздын "Кара жорго" бийин бийлеп, улуттук жана эстрадалык ырлар жаңырды. Улуттук кийимдер жана оюндар сынагынын жеңүүчүлөрүн кечке дейре комиссия аныктайт.

Салтанатка келгендерди өкмөт өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева куттуктады. Жалал-Абад мэриясы майрамды уюштурууга 26 миң сом бөлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG