Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Путин: Янукович Украинанын мыйзамдуу президенти


Путин Януковичти Украинанын мыйзамдуу президенти деп атады. Орусиянын президенти Владимир Путин Януковичтин парламентте иштен четтетилиши "конституциялык төңкөрүш жана бийликти курал менен басып алуу" деп баалады. Орус президенти ошондой эле Украинага каршы курал колдонбой тургандыгын билдирди. Ал «азыркы тапта курал колдонууга негиз жок» деп, ошол эле убакта Орусия мындай мүмкүнчүлүктү өзүнө калтыраарын эскертти.

Путин Орусиянын батышындагы соңку аскердик машыгуулардын Украинадагы кризиске «таптакыр» тиешеси жок деп ырастады. Москванын жанындагы резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө ал Украин элинин өзгөрүүнү эңсеп жаткандыгын түшүнөөрүн, бирок «мыйзамсыз өзгөрүштү» колдоого болбой тургандыгын кошумчалады.

Ал арада Киевге АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Кэрри келүүдө. АКШ Орусия менен аскердик кызматташтыгын убактылуу токтотуп жаткандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG