Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Путин: Крымды аннексиялап алууну ойлогон жокпуз


Путин Крымды аннексиялап алуу ою жок экендигин билдирди. Москванын жанындагы резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин Крымдын келечегин анын тургундары өздөрү аныкташы керек деди. Ал «Москва мындай кыймылга шыкакчы болбой» тургандыгын кошумчалады. Өз сөзүндө Путин Януковичти Украинанын мыйзамдуу президенти деп атады. Путин Януковичтин парламентте иштен четтетилиши "конституциялык төңкөрүш жана бийликти курал менен басып алуу" деп баалады. Орус президенти ошондой эле Украинага каршы курал колдонбой тургандыгын билдирди. Бирок Орусия мындай мүмкүнчүлүктү өзүнө калтыраарын эскертти.

Бүгүн Киевге АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Кэрри келүүдө. АКШ Орусия менен аскердик кызматташтыгын убактылуу токтотуп жаткандыгын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG