Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Орусия баллистикалык ракетасын сынады


Украина менен кырдаал чыңалып турган мезгилде орус аскерлери “Тополь” аттуу континент аралык ракетасын сынап көрүштү. Ракета шейшемби күнү кечинде “Капустин яр” полигонунан атылып, Казакстандын Сары-Кашаган жергесиндеги бутага тийген. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Игорь Егоров ракетанын атылышы континент аралык ракеталардын күжүрмөн даярдыгын текшерүү болгонун белгиледи. Кошмо Штаттар бул атууну аскерлердин кадимки даярдык иштери катары баалады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG