Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Путин Украинага аскер киргизүүнүн зарылдыгы жок экенин билдирди


Орус президентинин шейшемби күнү Москвадагы маалымат жыйынында айтымына караганда, Украинага азыркы кезде аскер киргизүүнүн зарылдыгы жок, бирок кырдаал талап кылса, андай мүмкүнчүлүк бар болгонун белгиледи:

- Эгерде бул ченемсиз ээнбаштык чыгыш региондорго тараса, ал жерлердин тургундары бизден жардам сурап кайрылса, ал эми легитимдүү президенттин бизге кайрылуусу бар, мына ошондой учурда жарандарды коргоо үчүн бардык чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн колдонобуз. Андай кадамыбызды толук легитимдүү деп эсептейбиз.

Владимир Путин Украинада өкмөттүн өзгөрүүсүн “антиконституциялык төңкөрүш жана күч менен бийликти басып алуу” катары баалады. Ал ошондой эле келечектеги шайлоолор "террордук кырдаалда" өтсө, аны тааныбай тургандыгын да белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG