Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Прокуратура Матеновдун акталышына каршы


Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманакун Матенов боюнча аскер сотунун өкүмүн апелляцияга берди. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты. Мамлекеттик айыптоо Матеновго карата козголгон кылмыш иш тергөө учурунда далилденип, бекемделгенин, бирок сот муну көңүлүнө албай койгонун айтууда.

25-февралда Бишкек гарнизонунун аскер соту Матеновду актаган чечим чыгарган.Былтыр октябрь айында Башкы прокуратура Матеновго кылмыш иш козгоп, ал Бишкекте жашап туруп, Алайдын Сары-Таш айылында, бийик тоолуу аймакта жашап жатат деген негизде мамлекеттен пенсия алып турганын айтып чыккан. Мамлекетке 409 миң 382 сом зыян келтирген деген айып таккан. Буга байланыштуу Курманакун Матенов Чек ара кызматынын башчылыгынан бошотулган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG