Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө катына 47 депутат кол койду


Бул тууралуу “Республика” фракциясынын төрагасы Назарали Арипов Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумда билдирди. Анын сөзү боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт курамына ишеним көрсөтпөөгө Кумтөр алтын кени боюнча келишим, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишиндеги кемчилик, “кылмыш төбөлү” атыккан Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуусу жана ошондой эле экономикадагы өсүштүн жоктугу себеп болгон.

Спикер өз кезегинде бул катка кол койгон 11 депутат кайра оюн артка алганын маалымдады. Ал эми Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина өкмөттү кетирүүдөн көрө аларды иштетүү керек деген пикирин айтты.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген кыргыз өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгеси Кумтөр алтын кенин иштетүү тууралуу Канаданын “Центерра голд” ишканасы менен өкмөт түзгөн меморандумдан кийин “Республика” фракциясы тарабынан көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG