Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Путин, Назарбаев, Лукашенко экономикалык биримдикти талкуулашат


Орусиянын, Беларустун жана Казакстандын президенттери бүгүн Москвада үч өлкөнүн мындан аркы интеграциясын талкуулашат. Кремлдин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары азыркы Бажы биримдигин кеңейтүү жана Евразиялык экономикалык биримдикти түптөө жөнүндө сүйлөшөт. Аталган үч өлкө 2011-жылы түзгөн Бажы биримдигине расмий Москва башка экс-советтик жумурияттарды, анын ичинде Кыргызстанды тартууга аракеттенүүдө. Бажы биримдигин 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке айландыруу максаты каралган.

XS
SM
MD
LG