Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Кыргыз-тажик чек арасы жабык бойдон калууда


Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, чек ара ачылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азырынча Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын ачуу тууралуу маселе эки тараптын ортосунда сүйлөшүлүп жатат.

Буга чейин Тажикстандын маалымат каражаттары кыргыз-тажик чек арасы 5-марттан тарта ачылат деген протоколго эки тараптын бийлик өкүлдөрү кол койду деп жазып чыккан.

Чек ара Баткенде 11-январда ок атышуу менен коштолгон окуядан кийин жабылган. Кыргыз тараптын айтымында, тажик чек арачылары биринчи болуп ок чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG