Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Маккейн: Грузия, Молдова НАТОго тез арада кириши керек


Америкалык таасирдүү сенатор Грузия менен Молдованын НАТОго киришин тездетүүгө чакырды.

Сенатор Жон Маккейн Вашингтондо Сенаттагы Украина боюнча талкууда сүйлөдү:

- Биз Молдова менен Грузияны, экөөнү тең тез арада НАТОго киришинин жолун табышыбыз керек. Эки өлкөнү тең, Молдовада Днестр жумуриятын, Грузияда Абхазия менен Түштүк Осетияны орус аскерлери басып турат.

Учурда Кошмо Штаттар жана анын шериктери Орусияга каршы санкция киргизүүнү караштырып жатат.

Ал эми Орусияда Федералдык кеңеш өлкөдөгү америкалык жана европалык компаниялардын менчигин конфискациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG