Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Яценюк: Крымдын укуктары дагы кеңейиши мүмкүн


Симферопол шаарында өткөрүлгөн согушка каршы пикетти бир айым сүрөткө тартууда. Плакаттардын биринде "Путин, Украинадан колуңду тарт!" деп жазылган. Крым, Украина, 05.3.2014.
Симферопол шаарында өткөрүлгөн согушка каршы пикетти бир айым сүрөткө тартууда. Плакаттардын биринде "Путин, Украинадан колуңду тарт!" деп жазылган. Крым, Украина, 05.3.2014.
Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк Крымдын автономиялык аймак катары укуктары мындан дагы кеңейиши мүмкүн деди.

«Крым Украинанын курамында калышы керек, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү бул жарым аралга кошумча ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн», - деп айтты Украинанын премьер-министри Яценюк.

Кызматына киришкенден берки алгачкы маегинде Яценюк ошондой эле учурдагы кризис үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди күнөөлөдү. Ал Украинанын азыркы өкмөтү мыйзамдуу экендигин белгилеп, Орусиянын Крымдагы аракеттери конституцияга каршы келээрин жана орус өкмөтү колдогон төңкөрүшкө окшоп жаткандыгын билдирди.

Яценюк мындан тышкары анын өкмөтү АКШ менен ракетадан коргонуу боюнча америкалык системаны Украинада жайгаштырууну сүйлөшүп жатат деген кабарды төгүнгө чыгарды. «Биз АКШнын өкмөтү менен эч кандай аскердик жайгаштыруу тууралуу сүйлөшкөн жокпуз», - деди ал.

Симферопол шаарында бүгүн өткөрүлгөн согушка каршы пикет маалында анын катышуучулары "Путин, Украинадан колуңду тарт!" деп жазылган жана башка ураандар бар плакаттарды көтөрүп турушту. Кечээ да бул шаарда Орусиянын Крымга аскер киргизишине каршы аялдардын нааразылык жыйыны өткөн.

Орусияга таандык делген жоокерлер азыркы тапта Украинанын автономиялык аймагы болгон Крымды иш жүзүндө көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG