Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Донецк: демонстранттар администрацияны кайра басып алышты


Донецкиде орусиячыл демонстранттар аймактык администрациянын имаратын кайра басып алышканы кабарланууда. "Азаттыктын" бул шаардагы кабарчысы билдиргендей, демонстранттар полициянын катарын бузуп өтүп, экинчи кабаттан Орусиянын желегин желбиретишти. Жапа тарткандар тууралуу маалымат боло элек. Мунун алдында украин полициясы Донецк аймактык бийликтин имараттарынан орусиячыл демонстранттарды эвакуациялап баштаган эле.

Донецк Украинанын чыгышындагы орус тилдүү калк басымдуулук кылган аймак. Имаратты 100 чакты полициячы курчап турган эле. Миңден ашык орусиячыл демонстранттар алардан бир нече метр аралыкта турган болчу. Бүгүн Донецкиде майданчылардын демонстрациясы пландалган.

XS
SM
MD
LG