Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Донецктеги администрацияда Орусия желеги желбиреди


Донецкиде орусиячыл демонстранттар аймактык администрациянын имаратын кайра басып алышты. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдиргендей, демонстранттар аз сандагы полициянын катарын бузуп өтүп, экинчи кабаттан Орусиянын желегин желбиретишти. Жапа тарткандар тууралуу маалымат боло элек. Имаратты 100 чакты полициячы курчап турган эле. Миңден ашык орусиячыл демонстранттар алардан бир нече метр аралыкта турган. Алар имаратка кирип баргандан кийин, терезелеринен «Россия, Донбасс, Беркут» деп ураан чакырышты.

Мунун алдында украин полициясы Донецк аймактык бийликтин имараттарынан орусиячыл демонстранттарды эвакуациялап баштаган эле. Донецк Украинанын чыгышындагы орус тилдүү калк басымдуулук кылган аймак. Бүгүн Донецкиде майданчылардын демонстрациясы пландалган, бирок анын өтөөр-өтпөсү анык эмес.

XS
SM
MD
LG