Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Крымда БУУнун чабарманы уурдалды


Симферополдо белгисиз бирөөлөр Улуттар Уюмунун Баш катчысынын атайын чабарманы Роберт Серини уурдап кетишти. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин маалымат саясаты департаментинин башчысы Евгений Перебийнис билдирди.

Мамлекеттик Чек ара кызматынын башчысынын жардамчысы Сергей Астахов "Украин правдасы" гезитине Ялтанын алдында Чек ара кызматынын генерал-полковниги Михаил Коваль уурдалганын айтты.

ЕККУнун делегациясы Крымда жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. "Интерфакс" агенттиги "Журналисттик иликтөө борборуна” таянып, Симферополдо ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятовичти крымдык редакторлор менен жыйын өткөргөн мейманканадан ок өтпөс аскер кийимчен адамдар чыгарбай коюшканын кабарлады.

Шаршембиде Украинадагы өткөөл өкмөттүн жетекчиси Арсений Яценюк Крым автономиясы кеңейгени менен Украинанын курамында калаарын айтты.

XS
SM
MD
LG