Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Самаркандекте селдин алдын алуу иштери башталды


Баткендеги Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Сай, Базар жана Самаркандек айылдарында сел коркунучу бар жерлерди бекемдөө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кырсыктын алдын алуу иштерине Германиянын эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) көмөктөшүп жатат.

Маалыматка ылайык, сел алышы мүмкүн болгон 20 турак үйдү, гимназияны, орто мектепти, үлүш жерлерди габион торчолор менен бекемдөө зарыл.

Самаркандек айыл өкмөтү сел коркунучу көп катталган аймак болуп саналат. Катуу жаан болгон учурда талаадан суу агып, турак-жайларга зыян келтирет.

2011-жылы селдин кесепетинен 2 киши, 2013-жылы 3 адам каза тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG