Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Өкмөттө Кумтөр боюнча жаңы иш-план талкууланды


Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жаңы иш-чаралардын планын инвестор менен талкуулады. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкекке канадалык инвестор "Центерра" компаниясынын президенти Ян Аткинсон келип кетти. Экологиялык жана тоо кен-техникалык маселелер боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү макулдашылды. Бул ишке АМЕС эл аралык компаниясынын эксперттери да тартылмакчы. Жакын арада келечекте түзүлө турган жаңы биргелешкен ишкананын корпоративдик структурасын талкуулоо үчүн атайын жолугушуулар уюштурулат.

Жогорку Кеңеш өкмөттөн "Кумтөр" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жогорулатууну бир нече жолу талап кылып келди, бирок жыйынтыгында бул талабын токтотту. Соңку чечиминде парламент өкмөткө инвестор менен сүйлөшүүнү улантуу тапшырмасын берген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG