Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Укук коргоочулар: Аялдарга зомбулук саясый маселеге айланууда


Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук саясый маселеге айланууда. Мындай билдирүү менен бүгүн Бишкектеги Феминисттик демилгелер "СКью" уюму чыкты. Аялдардын укугун коргоочу бул уюмдун кабарлашынча, кечээ анын активисттери Бишкектин Ош базарынын жанында 8-Март майрамынын тарыхы, мааниси, аялдардын укуктары тууралуу баяндаган тынч акция өткөрүп жатканда белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусуна кабылган. Отуздан ашуун эркек алардын стенддерин бузуп, мазактаган сөздөрдү айтып, айрым активисттерге колу тийген.

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, кол салгандар байыркы мифология боюнча "Венеранын күзгүсү" аталган белгини христиандардын крести деп атап, диний кастыкты козутуучу сөздөрдү айткан.

Феминисттер бул окуяга күбө болуп, бирок эч чара көрбөй койгон милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону жана аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылууда.

"Зордук-зомбулукка каршы күрөш саясый маселеге айланууда, себеби аялдарды коргоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу саясатчылардын милдети" дешет алар. (RK)

XS
SM
MD
LG