Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Сузакта өрттөлгөн унаадан табылган маркумдун тек-жайы такталды


Сузакта машинеси менен кошо өрттөлгөн жарандын ким экени такталды. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жусуп Камбаралиев “Азаттыкка” билдиргендей, маркум Кочкор-Ата шаарынын тургуну экени аныкталды. Аты-жөнү айтыла элек. Иликтөө уланып жатат.

Апта башында Сузактагы таштанды төккөн жерде өрттөлүп жаткан “Тико” машинесинен эркек кишинин сөөгү табылган. Окуяга кырсык себеп болгонбу же бирөөлөр атайын жасаганбы, азырынча белгисиз. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG