Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Нарматованы вице-спикерликке тандоо жараяны жүрүп жатат


“Ата-Журт” партиясынан шайланган депутат Надира Нарматова. 23.11.2011.
“Ата-Журт” партиясынан шайланган депутат Надира Нарматова. 23.11.2011.
Ушул сааттарда Кыргызстандын парламентинде - Жогорку Кеңеште вице-спикер кызматына “Ата Журт” партиясынан депутат Надира Нарматованын талапкерлигин тандоо жараяны болуп жатат. Ушул тапта депутаттар бюллетень аркылуу вице-спикерди шайлап жатат.

Надира Нарматованын талапкерлиги фракция тарабынан көрсөтүлгөн. Буга чейин ал кызматта мурдагы депутат Талант Мамытов иштеген.

Мамытов өткөн жылы соттолгонуна байланыштуу мандатынан ажыратылган.

Учурда парламентте 4 вице-спикер бар. Алар - “Ар-намыс” фракциясынан Бөдөш Мамырова, “Республикадан” Чолпон Султанбекова, “Ата Мекенден” Асия Сасыкбаева жана КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров.(SE)

XS
SM
MD
LG