Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Аксыда 238 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт


Аксы районунда 238 үй-бүлө жаратылыш кырсыктары болушу ыктымал аймактарда жашайт. Алар райондогу түрдүү айылдарда жайгашкан.

238 үй-бүлөнүн ичинен 47си коопсуз аймактардан турак-жай салуу үчүн жер алган. Аларга мамлекет бардык тийиштүү жардамын берген, бирок көчүп чыгыша элек. Дагы 191 үй-бүлө мамлекеттен жеңилдетилген ссуда толук бериле электигине байланыштуу жер которбой турат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурдин Абдылдаев жана район акими Медетбек Айдаралиев 5-март күнү кооптуу аймактардагы үйлөрдү кыдырып, тезинен жер которуу зарылдыгын белгилешти. Турак-жай салуу үчүн жер алып, бирок көчпөй отургандар тартип коргоо органдарына тапшырылары эскертилди.

Республика боюнча кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөррдүн саны жакынкы аралыкта жарыяланарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. (SE)

XS
SM
MD
LG