Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

Косовонун футболисттери биринчи жолу эл аралык таймашка чыкты


Косоволук футболисттер 5-мартта Митровицеде өткөн таймашта Гаитинин командасы менен тең чыгып, эсеп ачылбады. Беттешүүнү 18 миң күйөрман тамаша кылды. Быйыл январда Эл аралык футбол федерациясы - ФИФА уюмга мүчө өлкөлөрдүн командаларынын Косово менен күч сынашуусуна жол ачкан.

Сербия Косовону өзүнүн ажырагыс бөлүгү деп билгендиктен, косоволуктардын улуттук командасын түзүүсүнө каршы чыккан. Бирок, ФИФА Митровицедеги беттешүүдө Косовонун улуттук гимнинин ойнолушуна, Косовонун туусун алып келүүгө жана күйөрмандардын Косовонун мамлекеттүүлүгүн билдирген моюн орогуч, футболкаларды кийип келишине уруксат бербеди.

Косово провинциясы 2008-жылы өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялаган. Бүгүнгө карай Косовонун эрктүүлүгүн БУУга мүчө 108 мамлекет тааныды.1, 8 миллионго чукул элинин 90 проценттен көбү албан тилдүү косоволуктар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG