Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Яценюк: Крым парламентинин чечими мыйзамсыз


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Крым парламентинин Орусияга кошулуу жана 16-мартта тиешелүү референдум өткөрүү чечимин мыйзамсыз деп атады:

- Бул мыйзамсыз чечим жана референдумга эч кандай мыйзамдуу негиз жок. Ошон үчүн биз Орусия өкмөтүн Украинадан бөлүнүп чыгабыз деген жикчилерди колдобоого үндөйбүз. Крым Украинага таандык болгон, таандык жана таандык боло берет.

Арсений Яценюк билдирүүнү 6-мартта Брюсселде жасады.

6-мартта Крым автономиялуу республикасынын парламенти Орусияга кошулуу үчүн добуш берип, бул боюнча 16-мартта референдум болорун жарыя кылган. Буга чейин Крымдын жетекчилиги референдум 25-майда, андан соң 30-мартта болорун билдирилген. Крым өкмөт башчысынын 1-чи орун басары Рустам Темиргалиевдин айтышынча, референдумга “Сиз Крымдын Украинада кала беришин каалайсызбы же Орусияга кошулуусун жактайсызбы?” деген маанидеги суроо коюлат.

XS
SM
MD
LG