Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Турчинов Крым парламентинин чечимин фарс деп атады


Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Крымдын орусиячыл парламентинин Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүү планын фарс жана Москванын куралдуу күчтөрү тарабынан уюштурулган кылмыш деп атады. Александр Турчинов 6-мартта жасаган кыска телекайрылуусунда Украина парламенти Крым автономиясынын Жогорку Кеңешин таркатуу жана референдумду өткөрүүгө жол бербөө боюнча жараяндар башталарын айтты. Бейшемби күнү таң эртең менен Крым парламенти Орусияга кошулуу жана 16-мартта референдум өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган. Крымдын орусиячыл парламенти автономиянын премьер-министрин жана Жогорку Кеңештин төрагасын камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган Украинанын жаңы өкмөтүн таануудан баш тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG