Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Ошто мейманкана кызматкеринин өлүмүнө шектүү кармалды


Ош шаарындагы “Ак-Тилек” мейманканасынын администратору болуп иштеген 48 жаштагы Сурия Топчубаеванын өлүмүнө шектелип жергиликтүү 59 жаштагы тургун кармалды. Шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, аны 7-март күнү Бишкекке кетип жаткан учурда Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери колго түшүргөн. Шектүү кылмышты моюнуна алды.

Мейманкана администраторунун сөөгү 6-март күнү өзү иштеген жерден табылган. Аялдын денесинде бычактан калган 10дон ашуун жараат аныкталган. Маркумдун жанынан "Ал ушуга татыктуу болчу" деген жазуусу бар кат табылган.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектелип кармалган жаран 28-февралда да бирөөнү бычактаганы үчүн милицияга түшкөн. Ош шаардык соту аны үй камагына бошоткон.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын айтымында, Топчубаева ал кишинин мурдагы кылмышын ашкерелөө үчүн милицияга көмөктөшкөн.(SE)

XS
SM
MD
LG