Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Аба ырайы: кар жаашы күтүлүүдө


8-марттан тарта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Жааган жамгыр карга айланып, айрым аймактарга калың кар түшүшү күтүлүүдө. Бул күндөрү абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8 градуска чейин болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус болушу күтүлүүдө. Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -4...9, тоолуу аймактарда түнкүсүн -28...-33, күндүз -15...-20 градус болот.

Андан сырткары тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталууда.

8-март күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын, ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9,
Талас жергесинде -3...+2, күндүз 3...8,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланат.Түнкүсүн 1…3, күндүз 7…9 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG