Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Чүйдө адам уурдоого шектелгендер сурак берүүдө


Чүйдүн Ысык-Ата районунда адам уурдоого шектелип, Ново-Покровка айылынын 17-18 жаштагы эки жараны милицияга кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

5-март күнү жергиликтүү 15 жаштагы өспүрүмдү эки адам зордук менен машиненин жүк салгыч бөлүгүнө салып, белгисиз жакка алып жөнөгөн. Бир канча сааттан соң алар машинени жана уурдалган баланы көчөдө калтырып, өздөрү качып кеткен. Жүк салгычта калган жигит унаадан чыгып, милиция кайрылган.

Окуяга шектелип кармалгандар кылмышты мойнуна алды. Иликтөө уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG