Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Казак өкмөтү Кашаган кенин иштеткендерди сотко берди


Казакстандын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги Түндүк Каспий операциялык компаниясына 737 миллион доо койду. Мунай казгандар экологияга зыян келтирген деп айыпталууда.

Атырау облусунун аймагында жайгашкан Кашаган кенинен мунай өндүрүү өткөн жылы сентябрда башталган. Бирок куурлардан газ чыгып жатканы аныкталган соң өндүрүш кайра бир нече аптадан кийин эле токтотулган.

“КазМунайГаз” компаниясынын башчысы Саут Мынбаевдин ушул аптада билдиргенине караганда, куурлардан газ чыкканы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы март айынын соңуна барып белгилүү болот.

Казакстандагы Кашаган - дүйнөдө акыркы 35 жыл ичи ачылган мунай кендердин эң ириси. Кенде 4,8 миллиард тонна мунай, бир триллион куб метр газ бар деп болжолдонот.

Кенди иштетүү укугун курамына дүйнөнүн бир катар ири мунай компаниялары жана Казакстандын мамлекеттик “КазМунайГаз” компаниясы кирген консорциум алган.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG