Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

АКШнын Мамлекеттик катчысы Иорданияга барды


Мамлекеттик катчы Жон Керри Акаба шаарындагы сүйлөшүүлөрдө Иордания падышасы Абдалла менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын талкуулайт. Бул визит мурда мерчемделген эмес. Кошмо Штаттар келерки айдын соңуна барып, Израил менен Палестина тынчтык келишиминин алкагында кандайдыр бир макулдашууга жетишеби деп үмүттөнүүдө.

Израилдин премьер-министри Биньяминь Нетаньяхунун ушул аптада Вашингтондон айткандарына караганда, Тель-Авив макулдашууга жетүүнү көздөйт, бирок оболу Палестина Израилди жөөт өлкөсү катары таанып, палестин качкындарынын кайтып келүүсүнө үмүт жаратуусу абзел.

Ал эми Палестин президенти Махмуд Аббастын пикиринде, Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимдин оккупацияланган аймактарында жаңы конуштарды куруусу - Палестин мамлекетин түзүүдөгү эң башкы тоскоолдук. (UE)

XS
SM
MD
LG