Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

ЕККУнун байкоочуларын Крымга киргизбей коюшту


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары экинчи күнү дагы Крым жарым аралына кире албай коюшту. Бул тууралуу делегация мүчөлөрү твиттерге жазышты.

"Жума күнү ЕККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган байкоочулар Крымга кире албай, кийинки кадамдарын ойлонуу үчүн Херсонго кайтып келишти”, деп айтылат билдирүүдө. Херсон – Крым жарым аралына эң жакын Украинанын шаары.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо эл аралык байкоочулар Крымдын жаңы бийлигинен расмий чакыруу албагандыгын билдирди. ЕККУнун байкоочулар тобу 47 аскерий жана жөнөкөй эксперттерден турат.

XS
SM
MD
LG