Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Президент Путин Украинада аскер колдонуу укугун пайдалана элек


Бул жөнүндө Орусия президентинин өкүлү Дмитрий Песков билдирди. Песков 7-мартта орус телеканалынан сүйлөп, Крымда Орусия өз аскерий объекттерин гана коргоодо деди. Ал ошондой эле, Кремл “дүйнөнүн кайсы бир бөлүгүндө орусиялыктардын өмүрүнө коркунуч туулган абалды жөн карап тура албасын” белгилеп, Орусия “Чыгыш жана Түштүк Украинадагы орустардын кооптонуусун жакшы” түшүнгөнүн айтты. “Кокус Киевдеги төңкөрүштүн артында тургандар, эртең Чыгышка же Крымга жетсе, эмне болорун сиздер элестете албайсыздар. Менимче, алар аларга нааразылык билдирген активисттерди кысымга алып гана канааттанып калбайт”, - деп кошумчалады Песков.

XS
SM
MD
LG