Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Түркия: генерал Илкер Башбуг эркиндикке чыгат


Түркиянын соту генерал Илкер Башбугга токтоосуз эркиндик берүүнү буйруду. Түркия куралдуу күчтөрүнүн штабынын мурдагы акими өкмөттү төңкөрүү максатында кутум уюштурган деп айыпталып, 2013-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

Башбухтун адвокаты Илкай Сезер бул жөнүндө 7-мартта кабарчыларга жарыя кылды. Бейшемби күнү Түркиянын Конституциялык соту Илкер Башбугтун мыйзамый укугу бузулду деген бүтүмгө келген. Генерал Башбуг жана башка жүздөгөн офицерлер өкмөттү кулатуу үчүн тымызын даярдык көргөн деп шектелип, “Эргенекен кутуму” деп аталган иш боюнча 2013-жылы түрдүү мөөнөткө соттолгон.

Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган бир кездеги санаалашы Фетхуллах Гүлен каршылашына айлангандан кийин армиянын төбөлдөрү менен мамилесин оңдоого аракет жасоодо. Эрдоган Гүленди ага каршы кутумдун артында турат деп күнөөлөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG