Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Эштон Тегеранга барды


Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Ирандын талаштуу ядролук программасы тууралуу сүйлөшүү үчүн 8-мартта Тегеранга келди. Эштон айым 9-10-март күндөрү Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жана башка жетекчилер менен кездешет. Ирандын президенти Хасан Роухани менен да жолугушу мүмкүн. Эштон менен кошо Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүгө катышканы Тегеранга АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия жана Франциянын өкүлдөрү барышты. Аталган алты мамлекеттин катышуусу менен 24-ноябрда жетишилген келишимге ылайык, Иран уранды байытууну убактылуу азайтып, анын ордуна Тегеранга каршы эл аралык санкция жеңилдетилген. Финалдык сүйлөшүү 17-20-мартта Венада болот деп белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG