Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Жоголгон "Боингди" 40 кеме, 22 учак издөөдө


8-мартта таң эртеде жоголгон малайзиялык учакты издөө кеңейтилди. Малайзия өкмөтүнүн маалымдашынча, “Боинг-777ни” бир нече өлкөнүн, анын ичинде Кытай жана АКШнын 40 кемеси жана 22 учагы издөөдө. Куала Лумпурдан Бээжинге учуп бараткан авиалайнер жолго чыккандан эки сааттан соң аба каттамдарын көзөмөлдөө кызматынын мониторунда көрүнбөй калган.

Учактагы 239 адамдын теңинен көбү Кытай жарандары, калгандары 14 өлкөдөн экени маалымдалган. Малайзия бийликтери контролдук видеотасмаларды текшерүү кеминде эки жүргүнчү Европа букараларынын уурдалган паспорту менен болгонун көрсөткөнүн айтууда. Малайзиянын транспорт министри Хишамуддин Хусейндин билдиришинче, “Боинг” учагын издөөгө АКШнын Федералдык иликтөө кызматы да тартылган жана ар кандай версиялар каралууда.

XS
SM
MD
LG