Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Малики Саудияны жана Катарды күнөөлөдү


Ирактын премьер-министри Нури Малики Сауд Арабиясы менен Катарды согушчандарды колдоодо жана Ирактагы кырдаалды дестабилдештирүүдө деп күнөөлөдү. “Муну жасоо менен, - деди Малики Франциянын France 24 телеканалы 8-мартта көрсөткөн интервьюда. - Бул эки мамлекет иш жүзүндө Иракка согуш жарыялады. ”Малики аны Ирактын сунни азчылыгын кысмакка алууда деген айыптоолорду Саудия жана Катар менен байланыштагы бузукулар таратканын, эки өлкө согушчул топторго саясий, финансылык жана медиа колдоо көрсөтүп жатканын, ошондой эле Эр-Рияд жана Доха “өз пайдасына жетүү үчүн террорчул уюмдарга курал сатып берип жатканын” айтты.

Ирак 2008-жылдан берки эң коогалуу мезгилди баштан кечирүүдө. "Франс пресс" агенттигинин маалымдашынча, жыл башынан бери террордук чабуулдардан жана башка куралдуу зобун-зордуктан 1800дөн ашык ирактык жайран болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG