Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Ирактык аялдар шариятка негизделген мыйзамга нааразы


8-мартта Багдадда 30 чакты ирактык аял өкмөт бекиткен мыйзам долбооруна каршы демонстрацияга чыкты. Мыйзам долбоору кабыл алынса, кыз балдарга тогуз жаштан күйөөгө чыкканга уруксат берет жана балдар автоматтык түрдө атасынын кароосуна өтөт. Жаңы мыйзам долбоорунда никелешүүнү, ажырашууну, мүлктү бөлүштүрүү жана мурастоону молдолор чечсин деп каралган.

Ирак өкмөтү мыйзам долбоорун шариат канондоруна ылайык иштеп чыгып, бир жума илгери жактырган эле. Эми мыйзам долбоору Ирак парламентинде каралат.

XS
SM
MD
LG