Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Баткенде айланма жолду куруу иштери токтоп турат


Тажикстандын аймагын айланып өтчү Ак-Сай - Көк-Таш жолун куруу иштери убактылуу токтоп турушунун себебин вице-премьер-министр Токон Мамытов "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

- Ак-Сай - Көк-Таш жолун курууда иш кичине туруп калды. Буга биринчиден, 1 чакырым 300 метр жерди жардыруу керек болуп жатат. Экинчиден, ал жерде биздин жогорку чыңалуудагы электр мамылары бар экен. Мына ушуну жылдыруу керек экенин адистер билдирүүдө. Ошол маселелерди чечип жатабыз.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов учурда бул жолдун Ворух анклавын айланып өтчү экинчи бөлүгү - Ак-Сай - Рабат жолу курулуп жатканын кошумчалады. Бул жол бүтсө Ак-Сай - Көк-Таш жолуна кошулуп, Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын калкы облус борборуна Тажикстанга кирбей каттап калат.

Буга чейин 6-мартта Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай - Көк-Таш жолун курууну тездетүү өтүнүчү менен облус бийликтерине кайрылган болчу.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу өткөн жылдын 17-декабрында Тажикстан менен чек арада жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары айланма жол куруп берүү талабы менен жол тоскондон кийин башталган. Жол тосууга айыл тургунунун тажик чек арасына жакын жайгашкан чайканасы өрттөнгөнү себеп болгон.

Тажик тарап бул жолдун курулушуна каршы. Мунун айынан быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары атыша кетип, 9 киши жараат алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG