Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Баррозу: ЕБ Украинага тынчтык гана каалайт


Крымды күч менен кошуп алуу “дипломатия үчүн бар мейкиндикти биротоло жабат”. Бул жөнүндө АКШ мамкатчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго 8-марттагы телефон баарлашуусунда айтты. Ройтерс агенттигинин кабарчылары 50 аскерий машине түшкөн жүздөгөн орус жоокерлери бронетехниканын жана тез жардам машинелеринин коштоосунда Симферополдун түндүк ныптасындагы базага ишемби күнү бешим оогондо кирип кеткенин тасмага түшүрүп алышканын кабарлашты.

Эл аралык байкоочулар 8-мартта Крымга кирмек болушканда асманга ок атылып, токтотулду. Президент Барак Обама Украинадагы кризис кооптондурган Балтика өлкөлөрүнүн лидерлерине АКШ алардын коопсуздугун колдоорун айтып, жоошутканга аракет кылды жана Украинадагы абалды европалык союздаштар менен талкуулады. Ал мындай максатта 8-мартта Литванын, Латвиянын жана Эстониянын президенттери менен телеконференция өткөрдү.

Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Баррозу Брюссел менен Киевдин мамилесинин жакшырышы Москвага зыян келтирбесин кулак какты кылды:

- Биздин Украинадагы максатыбыз айкын: тынчтык, стабилдүүлүк жана жыргалчылык. Бизде Украинага байланыштуу башка максатыбыз жок. Биз алар келечегин өздөрү чечкенин каалайбыз жана орусиялык өнөктөштөрүбүзгө Украинанан Европага жакын болуусу Орусиянын кызыкчылыгына каршы эмес экенин ачык түшүндүргөнгө аракет кылуудабыз. Биз Украина үчүн жаңжалдашууну каалабайбыз.

XS
SM
MD
LG