Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Эштон Иран менен сүйлөшүү жеңил болбосун эскертти


Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн натыйжасында финалдык келишим жаралат деп кепилдик берүү мүмкүн эмес экенин эскертти. Эштон айым мындай чочулоону Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен 9-мартта Тегеранда өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Зариф болсо Иран өлкөнүн укугу урматталса гана келишимге барат деди.

Иран жана алты кубаттуу держава былтыр ноябрда Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча он жылдан берки талашты токтотуу максатында убактылуу келишим түзүшкөн. Ага ылайык, Иран уранды байытууну азайтып, анын ордуна эл аралык коомчулук Тегеранга каршы санкцияны жеңилдеткен.

Катерин Эштон Ирандын ядролук программасы, эки жактуу, регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулоо үчүн Тегеранга ишемби күнү келген.

XS
SM
MD
LG