Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Бүгүн БУУнун адам укуктары боюнча 110-сессиясы башталат


Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Женева шаарында өтө турган 110-сессиясында Кыргызстандагы абал тууралуу укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Дмитрий Кабак маалымат берет. Андан сырткары Юстиция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык жыйынга катышып, тийиштүү отчетторду дүйнө коомчулугуна сунуштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочулар кеңешинен билдиришти.

Эл аралык Human Rights Watch уюму өткөн жылдагы абалды талдаган отчетунда Кыргызстанда адам укуктары жаатында бир катар көйгөйлөр бар экенин белгилеген. Докладда этникалык, диний жана сексуалдык азчылыктын укуктары корголбой жатканы айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG