Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Баткенде "Z-Эксплорерге" каршылар чогула баштады


Австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясынын Кадамжай районунда ишмердигин жүргүзүүсүнө каршы болгондор Марказ айылына чогула баштады. "Ушу тапта 300дөй киши чогулду, дагы келип жатат, бирок күч кызматтары элдин чогулуусуна бут тосууда", - дейт “Азаттыка” өзүн Жээнгүл Ганиева деп тааныштырган Майдан айыл аймагынын тургуну. Анын айтымында, аталган компания Майдан айылына өтө жакын жайгашкан кенди иштетүүсү экологиялык зыян алып келет деп жергиликтүү калк кескин каршы чыгууда.

Элдин топтоло баштаганын райондук акимчиликтен да тастыкташып, бирок күч кызматтары каршылык көрсөтүп жатканы чындыкка коошпойт деп билдиришти. Милициянын баамында, учурда топтолгондордун саны 200дөй киши.

Аталган кен казуучу компания Австралияга таандык. 2013-жылдын 18-октябрында Майдан айылынын тургундары кен иштетүүгө каршы чыгып, компаниянын кеңсесин өрттөп жиберген.

Компания өкүлдөрү болсо аймакта кен изилдөө үчүн экологиялык мыйзамдардын бардык талаптарына толугу менен жооп берээрин 2013-жылдын июнь айында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тастыктаганын, 2011-жылдан бери Кадамжай районундагы социалдык жумуштарга 8 миллион сомго жакын инвестиция жумшаганын, тоо-кен тармагына 15 миллион АКШ долларынан ашуун каражат сарптаганын билдирип келет. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG