Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Ысык-Көлдө он тонна чөп күйүп кетти


КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айлынын тургуну Т.Кыргызбаевге таандык кашар өрттөнүп, андагы чөп толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда. Жети-Өгүз районунда өрт жергиликтүү тургундун жарым куб отуну менен жарым тонна тезегин жалмап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги электр энергия жабдыктарын туура эмес пайдалануудан, жаш балдардын өрт менен ойноосунан жана чоңдордун шалаакылыгынан улам өрт кесепеттери күчөгөнүн билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG