Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Өкмөт башчы: Эстакаданын курулушу токтобойт


Иш сапары менен Ош шаарында жүргөн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн көпүрө курулуп жаткан жерде шаар активдери менен жолугушту. Ал өз сөзүндө жергиликтүү тургандарды көпүрөнүн курулушунан саясат чыгарбоого чакырып, курулуш токтобой турганын билдирди. Өкмөт башчынын айтуусунда, көпүрө мурда мерчемделгендей ири суммага, чоң өлчөмдө курулбайт, курулуштун бюджети 200 млн. сомдон ашпоого тийиш.

Ош шаарындагы автотыгынды азайтуу максатында мурунку шаар башчы Мелис Мырзакматов шаарда эстакадалык көпүрөнүн курулушун баштаган. 15-январда жаңыдан шайланган мэр көпүрөнүн курулушу көп каражат талап кыларын белгилеп, анын ордуна жаңы долбоор сунушталарын билдирген. Бирок азырынча долбоор сунуштала элек.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн түштөн кийин Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушат. (ErN/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG