Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Азербайжандагы кыргыз мушкерлеринин жеңиши


10-мартта Азербайжандын борбору Бакы шаарында бокс боюнча “Жибек жолу” эл аралык турнир жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын 6 спортчу коргоп, 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге утуп алышты. Бул кабарды “Азаттыкка” өлкөнүн бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев маалымдады:

-Жеңил салмакта Турат Осмонов бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынды. 56 килодо Бектур Өтөгөнов финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. 52 кг салмакта Жаныбек Мусаев менен 60 кг салмактагы Акжол Сулайманбек уулу үчүнчү орунду ээледи.

“Жибек жолу” эл аралык турнири 4-мартта башталып, Орусия, Украина, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан баш болгон 15 өлкөнүн мушкерлери катышты. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG