Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Шамбесайды иштетүүгө каршы чыккандар Кызыл-Кыяга келди


Кен иштетүүгө каршылыгын билдирип, бүгүн Кадамжайда митингге чыккан адамдардын бир тобу Кызыл-Кыя шаарына келишти. Алар шаар мэри менен жолугуп, кенди иштетүүгө уруксат бербестигин айтышмакчы. Бул тууралуу митингчилердин бири Жээнгүл Ганиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, азыр Кызыл-Кыя шаарына кире бериште милиция топтолуп турат.

Австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы иштетүүгө уруксат алган Шамбесай алтын кенине каршылыгын билдирген жергиликтүү эл 9-мартта пикетке чыккан. Бүгүн алар акциясын улантып, Кадамжай районундагы Марказ айлына митингге чыкты. Митингчилер эгер алтын кен иштесе, аны иштетүүдөн пайда болгон уулуу заттар Исфайрам дарыясына куюлат, андан 345 миң адам суу ичет деп белгилешүүдө.

Аймактагы Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксаты бар "Z-Эксплорер" компаниясы Австралияга таандык. 2013-жылдын 18-октябрында Майдан айылынын тургундары кен иштетүүгө каршы чыгып, компаниянын кеңсесин өрттөп жиберген.

Компания өкүлдөрү болсо аймакта кен изилдөө үчүн экологиялык мыйзамдардын бардык талаптарына толугу менен жооп берээрин, 2013-жылдын июнь айында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тастыктаганын, 2011-жылдан бери Кадамжай районундагы социалдык жумуштарга 8 миллион сомго жакын инвестиция, тоо-кен тармагына 15 миллион АКШ долларын жумшаганын айтып келишет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG