Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

ТҮРКСОЙ: Токтогулдун руханий мурасы кеңири жайылтылат


Түркиянын ири шаарлары Анкара, Стамбул жана Эскишаарда Токтогул Сатылганов жылынын башталышына арналган маданий иш-чара өттү. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алкагында уюштурулду.

Маданий акцияга Кыргызстандан вице-премьер-министр Камила Талиева менен маданият министри Султан Раев жетектеген окумуштуу, изилдөөчүлөр, адабиятчылар тобу катышты. Ошондой эле "Камбаркан" фольклордук тобу да барып концерт берди. Токтогул Сатылгановдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көргөзмө коюлуп, даректүү фильм көргөзүлдү.

Токтогулдун 150 жылдыгына карата быйыл түрк тилдүү мамлекеттердин баарында өтө турган иш-чаранын негизги максаты – түрк дүйнөсүнүн дүйнөлүк мурасы эсептелген кыргыздын улуу акынынын руханий мурастарын башка элдерге кеңири таанытуу жана сактоо. (ATe)

XS
SM
MD
LG