Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Өзбекстан: айрым чиновниктер чет өлкөгө Каримовдун уруксаты менен чыгат


Президент Ислам Каримов мындай жардыкка өткөн шаршембиде кол койгон, бирок ал тууралуу бүгүн гана гезиттерге басылды. Бул “мамлекеттик сырды коргош үчүн” жасалып жатканы айтылды. Тизмеге премьер-министр Шавкат Мирзияев менен бирге өлкөдөгү 25 жогорку кызматтагы чиновниктин аты киргизилген. Өзбекстандын күч органдарынын жетекчилеринин сырт жакка сапары да сөзсүз алдын ала президенттин уруксаты менен бекемделиши абзел. Ал эми мамлекеттик телеканалдын, маалымат агенттиктеринин, Көркөм сүрөт академиясынын башчыларын кошкондо, 15 мамлекеттик кызматкердин чет өлкөгө сапарына атайын орган уруксат бериши керек. Буга баш ийбегендерге кандай жаза болоору бир айда тактала турганы айтылды.

XS
SM
MD
LG