Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Англияда борбор азиялыктар жаз майрамдарын чогуу белгилөөдө


Британияда Борбор Азиядан барып иштеп, жашап жаткандар жазгы майрамдарды чогуу белгилей баштады. Алар 6-марттан тарта түрдүү иш-чараларды уюштуруп, маданий эс алууларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Британиядагы кыргыз элчилигинин консулу Сайкал Эсенгелдиева билдирди.

Жаздын келишине жана Ноорузга арналган кечелерге Кыргызстандан бийчи Атай Өмүрзаков жана “Тумар КР” тобу катышууда.

Гринвичтеги Голдсмит колледжинде да 20-мартта студенттер кыргыз ыр-бийлерин аткарышмакчы.

Нооруз 21–22-мартта "Паша" кыргыз даамканасында белгиленет.

Лондон университеттик колледжинде 23-март күнү улуттук тамак-аштардан даам татуу, этномода көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк жарманкеси жана оюн-зооктор өтөт. (BaZ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG