Суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу шейшембиде Бишкектин айрым аймактарына ичүүчү суу берилбейт.
Шаардык “Суу канал” башкармалыгынын маалыматына ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин "Белинский" жана “Түндүк” суу базаларынан Күрөңкеев, Чүй, Акиев, Абдрахманов көчөлөрүнүн аралыгына суу берүү убактылуу токтотулат.
Андан сырткары, кечки саат 8ге чейин борбор калаанын түндүк-чыгыш тарабындагы Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик жаңы конуштарында муздак суу болбойт. (SE)