Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Транзиттик борбордун аскери бир айга камалды


Бишкектеги “Манас” Транзиттик жүк ташуу борборунун 29 жаштагы кызматкери, АКШнын жараны кыз зордуктоого аракет кылды деген шек менен бир айга камалды. Учурда борбор калаадагы №1 тергөө абагында. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

9-март күнү саат 5:30 чамасында Cвердлов районундагы №10 милиция бөлүмүнө 22 жаштагы Жамиля аттуу кыз кайрылып, чет элдик белгисиз жаран аны зордуктоого аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, чет элдик жаран ага каршылык келтиргени үчүн кол көтөрүүгө чейин барган жана кыз менен кошо таксиге отуруп, №10 милиция бөлүмүнө келген. Ал жерден милицияга каршылык көрсөтүп, столду сындырып, тартип коргоо кызматкеринин погонун жулуп алган.

Окуя боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал тууралуу “Манас” Транзиттик борборунун жетекчилигине жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине маалымдалган.(SE)

XS
SM
MD
LG